Тайванда болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны 9га жетти

Жетекчилер каза болгондордун төртөөсүнүн, жоголгондордон бешөөсүнүн Кытай жараны экендигин калган эки кишинин канадалык, бирөөсүнүн да филиппиндик  экендигин белгилешти.

906675
Тайванда болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны 9га жетти

Тайвандын чыгыш жагында шейшемби күнү болгон 6 баллдык жер титирөөдө каза болгондордун саны 9га, жаралуулардын саны 270ке жетти. Жетекчилер Хуалянда жоголгон кишилердин санынын 8 экендигин билдиришти.

Жетекчилер каза болгондордун төртөөсүнүн, жоголгондордон бешөөсүнүн Кытай жараны экендигин калган эки кишинин канадалык, бирөөсүнүн да филиппиндик  экендигин белгилешти. Япония изилдөө – куткаруу иштери үчүн бир адис группасын аймакка жиберди. Тайванда 1999 – жылы болгон 7,6 баллдык жер титирөөдө 2 миң 300дөн ашуун киши каза болгон.



Тектеш кабарлар