Орусия менен Батыштын ортосундагы мамиле качан оңолот?

Путин жыйында сөз сүйлөдү.

907432
Орусия менен Батыштын ортосундагы мамиле качан оңолот?

Орусиянын президенти Владимир Путин, Батыштын аларга карай санкция саясатынан чарчашын жана карым-катнаштардын нормалдашуусун күткөндөрүн айтты.

Москвадагы Орусиянын Өнөр жайчылар жана демилгечилер бирикмесинде сөз сүйлөгөн  Путин: «Биздин мамилебиз белгилүү. Эл аралык байланыштарда чектөө коюу саясаты, бул саясатты жүргүзгөндөрдү бүдөмүккө түрткөн жол. Мындан алардын тажай турганын жана карым-катнаштардын нормалдашуу жолуна кире турганын ойлоймун»,-деп айтты.

Орусиялык демилгечилердин башка өлкөлөрдөн кесиптештеринин да бирдей көз карашта экендиктерин белгилеген Путин, француз иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен өткөргөн жыйындан сөз кылды.

Путин бул жыйналыштын жыйынтыгын жума күнү Франциянын президенти Эмануэль Макрон менен сүйлөшкөнүн айтып: «Бир гана Франция менен эмес, берки өлкөлөр менен жасай ала тургандарыбыз темасында да ишенимдүү карайбыз. Бирок санкция саясаты көптөн бери, ал эмес ар дайым ишке ашырылган саясат»,-деди.

Путин: «Ошондой болсо да санкциялар темасында жалпы маанинин басымдуулук кылышын жана дүйнө экономикасынын пайдасына бардык өнөктөштөрүбүз менен туура багытта илгерилейбиз деп ойлоймун»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар