Орусияда иштеп жаткан түндүк кореялыктар өлкөлөрүнө жиберилүүдө

Орусиянын Пхеньянь элчиси Александр Матсегора БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими боюнча түндүк кореялык жумушчуларды өлкөлөрүнө жибере башташкандарын жарыялады.

905739
Орусияда иштеп жаткан түндүк кореялыктар өлкөлөрүнө жиберилүүдө

Орусиянын Пхеньянь элчиси Александр Матсегора кээ бир орус аймактык башкаруучуларынын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими боюнча түндүк кореялык жумушчуларды өлкөлөрүнө жибере башташкандарын жарыялады.

Мастегора : «Түндүк Кореядан  жумушчулар үчүн келтирилген тыюу салуу орус экономикасына чоң сокку урат. Бирок биз БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдерин аткарабыз. Бир топ губернатор Түндүк Кореядан келген жумушчуларды жибере баштады»,- деди.

Матсегора Орусиянын жыл сайын Түндүк Корея жарандарына 12 – 15 миң виза бергендигин жана булардын 90 пайызынын кыска мөөнөттүү виза экендигин белгиледи.

«Орусияда 35 миңге жакын түндүк кореялык курулуш, дыйканчылык жана балыкчылык тармактарында иштеп жатышат. Бул кишилерге Орусия жарандарына төлөнгөн айлык акы төлөнүп жаткан. Берилген бир айлык акы менен үй  - бүлөнүн 13 кишиси  багылып жаткан. Бул жумушчулар айлык акыларынын 40 жана 50 пайызын гана алып жатышат, калганы Түндүк Корея өкмөтүнө кетип жатат»,- деди Александр Матсегора.

Матсегора  Түндүк Корея жарандарынын Орусияда «кул» сыяктуу шарттарда иштегендигине байланыштуу айтылган сөздөрдүн да туура эмес экендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар