Майк Пенс Түндүк Кореянын делегациясы менен Түштүк Кореяда жолугабы?

Матис, Ак үйдөгү басма сөзгө жыйынында күн тартиптеги темалар тууралуу кыскача маалыматтарды берди.

906613
Майк Пенс Түндүк Кореянын делегациясы менен Түштүк Кореяда жолугабы?

АКШнын коргоо министри Жим Маттис, Түндүк Корея менен согуш ыктымалдуулугуннун акыркы мезгилдеги дипломатиялык аракеттер менен басаңдаганын белгилеп кетти.

Матис, Ак үйдөгү басма сөзгө жыйынында күн тартиптеги темалар тууралуу кыскача маалыматтарды берди.

АКШнын коргоо министри Маттис, Түндүк Корея менен согуштун дагы жакын болуп болбогону жөнүндөгү суроого, «Ушул убакта Түндүк Корея тууралуу процесс толугу менен дипломатиялык тилкеде баратат. Акыркы мезгилде абдан күчтүү дипломатиялык кадамдарды көрдүк. Мисал үчүн БУУнун коопсуздук кеңешинин акыркы үч токтому бир добуштан чыкты. Франция, Орусия, Кытай, АКШ жана Англияны канчалык тез бирдей добуш бергенин көрө аласыз? Ошондуктан процесс учурда дипломатиялык тилкеде уланууда»,-деп жооп берди.

Бир тараптан Маттис, АКШнын вице-президенти Майк Пенстин Түштүк Кореяда уюштурулган жана түндүк кореялык спортчулар да катыша турган Кышкы Олимпиадаларга баруусу «абдан оң кадам» деп мүнөздөдү жана Пенстин түндүк кореялык жооптуу кызматкерлер менен жолугушуусу абдан нормалдуу экенин белгиледи.

Майк Пенс, жанындагы делегация менен бирге мурдагы күнү Япония жана Түштүк Кореяны камтыган сапарга чыккан.

Түштүк Корея сапары убагында 9-25-февраль күндөрүнүн аралыгында Пхенчхан шаарында боло турган Кышкы Олимпиадаларды көрө турган Пенс, Түндүк Кореянын делегациясы менен жолугушуу ыктымалдуулугуна да каалгаларды жапкан эмес.

Американын коомдук пикиринде акыркы күндөрдө талаш темасы болгон «аскердик парад» темасына да сереп салган Жим Маттис: «Азем темасында муну айта аламын; Бул, президенттин армияга болгон берилгендиги жана урмат-сыйы тууралуу. Менин милдетим армиябызга байланыштуу стратегияларды өнүктүрүү жана муктаждыктарынын камсыздалышын орундатуу»,-деп айтты.

Мурдагы күнү Америка медиасына чагылышкан кабарларда, Трамптын Пентагондон «Вашингтондо чоң аскердик парад өткөрүүсү» талабын кылганы ачыкка чыккан.



Тектеш кабарлар