Европа Парламентинде ЙПГ чыр-чатагы

Европа Парламенти террористтерди колдойт.

906001
Европа Парламентинде ЙПГ чыр-чатагы

Түрк куралдуу күчтөрү Сириянын Африн аймагында жүргүзүп жаткан «Зайтун бутагы» операциясынын алкагында террордук уюмдарга сокку ура баштаганда Европадан каршы чыгуулар келе баштады.

Бир мезгилдерде жикчил террордук уюм ПККга таандык фотосүрөттөр көргөзмөгө коюлган Европа Парламентинде «Зайтун бутагы» операциясынын токтотулуусу үчүн нааразылык акция өткөрүлдү.

Парламентте кызмат кылган европалык 100 эл өкүлү колдоруна «Африн жалгыз эмессиң» деген жазууларды көтөрүп, жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГлик террористтерди колдогонун ачык түрдө жарыялады.

Учурда террордук уюм ЙПГнин катарында турган Европа Парламенти, буга чейин да уюмдун пропагандасына уруксат берип келген.



Тектеш кабарлар