Террордук уюм Афринде балдарды колдонууда

Сириянын Африн аймагындагы жарандар балдарынын куткарылышы үчүн Мехметчиктен кабар күтүшүүдө.

905751
Террордук уюм Афринде балдарды колдонууда

Хатайдын Хасса районундагы чек ара мааласында жашагандар Сириянын Африн аймагындагы туугандарынын ПЙД/ПКК террордук уюму тарабынан алынган балдарынын куткарылышы үчүн Мехметчиктен (түрк аскерлери) кабар күтүп жатышат.

Сирия чек арасындагы калкынын саны 500 болгон маалада жашаган жарандар оболу жарандык согуш андан кийин ПЙД/ПККнын аймактагы кысымынан улам Африн жана тегерегиндеги облустарда жашаган туугандарын көптөгөн жылдардан бери көрө алышпай келет.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн ПЙД/ПКК террордук уюму жана ДЕАШка карата жүргүзгөн «Зайтун бутагы» операциясын жакындан иликтеген жарандар операциянын эртерээк ийгиликтүү аякташы үчүн дуа кылышууда.

Африндеги туугандары менен өткөргөн жолугушууларда терроисттердин үй  - бүлөлөрүнөн алган балдардын колдоруна курал бергендигин билген маала калкы тынчсызданууда.

Чынарбашы мааласынын айыл өкмөтү Халил Курт мааланын тургундарынын көпчүлүгүнүн Сирияда туугандарынын бар экендигин айтты. Мааланын тургундарынан Мухаммет Курт да террористтердин  Африндеги зулумчулуктарын  жакындарынан угушкандарын билдирди. Султан Курт да Африндеги таэжеси менен балдарын 6 – 7  жылдан бери көрө алышпагандарын айтты.

 



Тектеш кабарлар