Тайванда жер титирөө

6, 4 баллдык жер титирөөдө 4 киши каза болуп, 225 киши жараланды.

905566
Тайванда жер титирөө

Тайвань аралынын чыгыш жагында  6, 4 баллдык жер титирөө болду.  Жер титирөөдө  4 киши каза болуп, 225 киши  жараланды.

АКШнын Геологиялык Изилдөөлөр Борборунан берилген маалыматка ылайык жердин 10, 6 километр тереңдигинде болгон 6, 4 баллдык жер титирөөнүн эпицентри Хуалянь шаарынын 22 километр түндүк  - чыгышы деп белгиленди.

Тайвань борбордук маалымат агенттигинин кабарына караганда жетекчилер жер титирөөдөн улам 145 кишинин жоголгондугун билдирди. Жер титирөөдө бир мейманкана кулап, бир көпүрө колдонулгус абалга келди. Жээк тилкесинде да кээ бир авто жолдор зыян тартты.

Мамлекет башчысы Цай Ин-Вэнь тийиштүү министрликтерге апаат механизмдерин аракетке өткөрүү жолдомосун берди.

«Тынч океан от чамбары» жер титирөө жана вулкан муунунда орун алган Тайванда 1999 – жылы болгон 7, 6 баллдык жер титирөөдө 2 миң 300дөн ашуун киши каза болгон болчу.

 



Тектеш кабарлар