АКШнын коргоо министри Жеймс Норман Маттис Орусияны күнөөлөдү
АКШнын коргоо министри Жеймс Норман Маттис Орусияны ядролук араздашууларды күч алдыруу менен күнөөлөдү.
![АКШнын коргоо министри Жеймс Норман Маттис Орусияны күнөөлөдү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/cbe3/4391/10f3/5a7aaa3712aa5.jpg?time=1718741898)
АКШнын коргоо министри Жеймс Норман Маттис Орусияны ядролук араздашууларды күч алдыруу менен күнөөлөдү. Маттис Өкүлдөр парламентинин куралдуу кызматтар комитетинде 2018 - жылдагы ядролук абалды изилдөө жана улуттук коргонуу стратегиясынын документтери тууралуу конгресс мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди. Маттис Орусиянын 1987 – жылы кол коюлган Орточо аралыктуу ядролук күчтөр келишимин бузгандыгын айтты. Жеймс Маттис Москванын стратегиялык болбогон ядролук баллистикалык ракеталарын ишке киргизгендигин белгиледи.
Маттис Орусиянын саны билинген гана стратегиялык ядролук күч элементтеринин көлөмүн азайткандыгын, бул үчүн ядролук системаларын модернизациялагандыгын да белгиледи.
АКШнын коргоо министри Маттис Орусиянын мамилесине карата өлкөсүнүн да колунда козр катары кармап турган, деңизге жайгаштырылган жылып жүрүүчү ракеталарын кайрадан ишке киргизерин жана таасири аз болгон баллистикалык ракеталарды чыгарарын айтты.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718741898)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.