Жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГнын колундагы куралдар

Террор юму ПКК/ПЙД-ЙПГ Сирияда түрк аскерин бутага алган куралдарын АКШ жана көп улуттуу коалицияга мүчө өлкөлөрдөн алып жатат.

904695
Жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГнын колундагы куралдар

Жикчил терор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГ 19 өлкөдөн алган куралдарды колдонууда.

Сириянын Африн аймагында уланган «Зайтун бутагы» кыймылында Түрк куралдуу күчтөрүнө (ТКК) таандык бир танканын ПКК/ЙПГга мүчө террористтер тарабынан ракета менен атылышы, террор уюмуна берилген куралдарды иликтөөгө көңүлдөрдү бурду.

Террор юму Сирияда түрк аскерин бутага алган куралдарын АКШ жана көп улуттуу коалицияга мүчө 19 өлкөдөн камсыздап жатат.

Бул куралдар тактика жана стратегия жагынан экиге бөлүнүүдө. Тактикалык куралдар террор уюму ДЕАШ менен күрөшүүдө колдонулса, стратегляилык куралдар Түркияга багытталып жатат.

Террор уюмдарынын колуна эч качан берилбеши керек болгон бул татаал курал системаларынын өндүрүүчү өлкө жана өндүрүүчү фирмаларынын серия номерлери өчүрүлүүдө. Ушул себептен да камсыздоочуларына жетүү татаалдашууда.

Андан кийин террордук уюмдардын арасында колдон колго өткөн куралдарга, начарлаган борбордук башкаруулардан тартылып алынган куралдар да кошулганда террордун көлөмү ар ким үчүн коркунучтуу абалга келүүдө.

Террор уюмунун Африндеги ТККнын танкасына карай кол салуусунда колдонгон дүрмөттөлгөн ATGM (antitank guided weapon) менен кошо, алардын колундагы куралдардын чыккан жеринен көп бул куралдарды кантип алганы, аларга кандай максат менен белилгени жана колдонуусуна эмне үчүн уруксат берилгени маанилүү болуп олтурат.

Ар башка убактарда жана ар башка аймактарда табылган курал системалары жана ок дарылар байкалганда ПКК/ЙПГнын колунда 19 өлкөдөн курал бар экени белгиленген.

Булардан айрымдары:

- Орусиядан чыккан 9M133 Kornet.

- Франция менен Германия биргелеше чыгарган Milan.

- АКШдан чыккан TOW.

- Швециядан чыккан AT4 алыстан башкарылбаган танка атуучу пушка.



Тектеш кабарлар