Путиндин президенттикке талапкерлиги кабыл алынды

Орусияда президенттик шайлоо келээрки айда өткөрүлөт.

904724
Путиндин президенттикке талапкерлиги кабыл алынды

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы, Орусиянын президенти Владимир Путиндин келээрки айда өткөрүлө турган президенттик шайлоого талапкерлигин бекитти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Путиндин 1,6 миллион кол тама чогутуп, талапкер боло алуусу үчүн керектүү болгон 300 миң кол тамга шартын камсыздаганы белгиленди.

Ушундайча Парламенттеги партиялардын талапкерлери Либерал-демократиялык партиясынын жетекчиси Владимир Жириновский жана Коммунисттик партиянын талапкери Павел Грудининден кийин талапкерлиги кабыл алынган үчүнчү ысым Путин болду.

«Яблоко» партиясынын жетекчиси Григорий Явлинский, «Өнүгүү» партиясынын башчысы Борис Титов, «Элдик Союз» партиясынын жетекчиси Сергей Бабурин, Россия коммунисттери партиясынын лидери Максим Сурайкин жана белгилүү теле алып баруучу Ксения Собчак, талапкерликтеринин бекитилишин күткөн берки ысымдар.

Орусияда жүргүзүлгөн акыркы сурамжылоого караганда, Путиндин добуштардын 67 пайызын алаары күтүлсө, эң жакын атаандаштары Грудинин жана Жириновскийдин 6 пайыздык добуштарга ээ боло тургандары божомолдонууда.



Тектеш кабарлар