ПКК террордук уюму Азезде балдарды өлтүрүүдө
ПЙД/ПКК Сириянын Халеп шаарына караштуу Азез районунда талаага бара жаткан бир үй – бүлөгө жасалган кол салууда бир бала каза болуп, 5 киши жараланды.
904962
Мечит, оорукана, мектеп сыяктуу жерлерди бутага алган жана куралдарын жарандарга карата бурган ПЙД/ПКК Сириянын Халеп шаарына караштуу Азез районунда талаага бара жаткан бир үй – бүлөгө жасалган кол салууда бир бала каза болуп, 5 киши жараланды.
Мектептер каникулда болгон кезде Азез элетиндеги талааларда иштөө үчүн барган үй - бүлөнү бутага алган ПЙД/ПКК террористтери балдарды бутага алууда. Жаралуулардын бир бөлүгү Азездеги ооруканада дарыланып жатса 13 жаштагы кыз Килистеги мамлекеттик ооруканада түрк дарыгерлерине тапшырылды.
Тектеш кабарлар
Канадада мечитте бычактуу кол салуу болду
Милиция кызматкерлери окуя болгон жерде 24 жаштагы шектүүнүн кармалганын билдирди.