Түркия ДЕАШ менен күрөшүүгө олуттуу салым кошкон НАТОнун мүчөлөрүнөн бири

Столтенберг, Сирияда кургактык кыймылын жүргүзгөн өлкөлөр менен жакын байланыш түзүлүшү керектигин белгилеп кетти.

904196
Түркия ДЕАШ менен күрөшүүгө олуттуу салым кошкон НАТОнун мүчөлөрүнөн бири

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Түркиянын Африндеги «Зайтун бутагы» кыймылынын жүрүшү туурасында Шериктештикке маалымат бергенин айтты.

Новегиянын борбор шаары Ослодо жүргүзүлгөн коопсуздук конференциясында катышуучулардын суроолоруна жооп берген Столтенберг, Сирияда кургактык кыймылын жүргүзгөн өлкөлөр менен жакын байланыш түзүлүшү керектигин белгилеп кетти.

Столтенберг: «Президент Режеп Таййип Эрдоган жана берки түрк жооптуу кызматкерлер менен болгон сүйлөшүүлөрүмдө, эл аралык коалициянын өкүлдөрүнүн бири-бирилери менен кагылышпоосу үчүн Сирияда кургактык кыймылын жүргүзгөн өлкөлөрдүн ортосунда байланыш түзүлүшүнүн канчалык маанилүү экенин айттым. Ар кимдин муну түшүнгөнүн ойлоодомун жана биз бул темага олуттуу кароодобуз. Түркия, Африн кыймылы туурасында мындан мурда маалымат берди жана келечекте да берет»,-деди.

Столтенберг, Түркиянын ДЕАШ менен күрөшүүгө олуттуу салым кошкон НАТО мүчөлөрүнөн бири экенин белгилеп өттү.


Этикеткалар: #Столтенберг , #Түркия , #НАТО

Тектеш кабарлар