Газада катуу кагылышуулар болушу мүмкүн

Газадагы абалга чечүүчү жол табылышы керек.

903797
Газада катуу кагылышуулар болушу мүмкүн

Израилдин башкы штабынын төрагасы Гади Эйзенкот, быйыл Газада катуу кагылышуулар болушу мүмкүн экенин айтты.

Израилдин басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, Эйзенкот Министрлер кеңешинин жумалык жыйындагы сөз сүйлөөсүндө, өзгөчө элетр энергия, суу жана азык түлүктөрдө болуп жаткан кризистердин себебинен Газа менен кагылышуулар болушу мүмкүн экенин айтты.

Израилдин коопсуздук кызматы да өткөн жумада, Газадагы абалга чечүүчү жол табылбаса аскердик кагылышуунун качылгыс экени боюнча эскерткен болчу.

Палестинада 2006-жылы өткөрүлгөн шайлоону Хамас кыймылы жеңгенден кийин Израиль Газага оор эмбарго процессин баштаган.



Тектеш кабарлар