Нидерландияда ПЙД/ПККга каршы митинг өткөрүлдү

ПЙД/ПКК жактоочулары акыркы мезгилде Европада бир топ мечитке да кол салды.

902666
Нидерландияда ПЙД/ПККга каршы митинг өткөрүлдү

Нидерландияда түрк жарандары ПЙД/ПККга каршы митингге чыгышты. Роттердам поезд станциясынын алдында өткөн митингге көпчүлүгү жаштардан турган бир группа колдорунда түрк желектери менен катышты. Митингге катышкан түрк жарандары текбир келтиришип «Түрктөр менен күрттөр бир тууган», «ПКК канкор», "Жок болсун ПКК» деген ураандар менен жүрүштү. Митингде көп сандаган полиция кызмат кылды.

ПЙД/ПКК жактоочулары өткөн жумада борбор шаар Амстердамда өткөргөн митингде эки түрк таксичини токмоктоп, бир түрк журналистке кол салган.

Террордук уюмдун жактоочулары Утрехт  поезд станциясында бул жумада өткөн митингде түрк желеги менен каршылык көрсөткөн түрк жарандарына кол салууга киришти.

ПЙД/ПКК жактоочулары акыркы мезгилде Европада бир топ мечитке да кол салды.

 



Тектеш кабарлар