Түркия менен Мүнбич темасында сүйлөштүк

Маттис, Сириядагы абалдарды Улуттук коргоо министри Нуреттин Жаникли менен сүйлөшкөнүн айтты.

902550
Түркия менен Мүнбич темасында сүйлөштүк

АКШнын Коргоо министри Жим Маттис, Түркия менен Мүнбич темасында сүйлөшкөндөрүн, бирок кеңирисин коомдук пикирге жарыялоо туура болбой турганын айтты.

Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз бөлмөсүндө журналисттер менен жолуккан Жеймс Маттис, Түркиянын Сириянын Африн аймагында жикчил террор уюму ПЙД/ПКК менен ДЕАШка каршы жүргүзгөн “Зайтун бутагы” операциясын Мүнбичти көздөй кеңейтүү ыктымалдуулугу тууралуу маселелерге жооп берди.

Маттис, Сириядагы абалдарды Улуттук коргоо министри Нуреттин Жаникли менен сүйлөшкөнүн айтты.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Мүнбичке кирип кирбей турганына карай суроолорго жооп иретинде Маттис: “Буларды эми сүйлөшпөймүн. Муну коомдук пикирге жарыялоонун жеңил түрдө убагы эмес. (Өлкөлөрдүн) Ички коомдук пикирлеринин түшүнүлсө боло турган позицияларынан улам бул абалды сүйлөшүү иштерди дагы да татаалдаштырат. Бири-бири менен жарышкан кызыкчыылктарды ушундай түрдө тең салмактайсыз. Бир гана муну айта алабыз; учурда бул шериктешибиз Түркия менен активдүү талкуулануучу тема”,-деди.



Тектеш кабарлар