Фидель Кастронун уулу каза тапты
Кубанын мурунку мамлекет башчысы Фидель Кастронун 68 жаштагы улуу уулу Фидель Кастро Диаз – Баларт каза болду.
902378
Кубанын мурунку мамлекет башчысы Фидель Кастронун 68 жаштагы улуу уулу Фидель Кастро Диаз – Баларт каза болду. Кубанын расмий гезитинде берилген кабарга ылайык Кастронун акыркы айларда катуу депрессия боюнча дарылангандыгы белгиленди. Өлүм себебине байланыштуу маалымат берилбестен жаназасына байланыштуу маалыматтын үй - бүлөсү тарабынан берилери белгиленди.
Кубада «Фиделито» деп билинген Кастро 1949 – жылы Кастронун биринчи жубайы Мирта Диаз – Баларттан төрөлгөн. Советтер союзу мезгилинде ядролук физика билимин алган Кастро Кубанын ядролук иштерине кошкон салымы менен да белгилүү. Кубанын мурунку мамлекет башчысы Фидель Кастро болсо 2016 - жылы ноябрь айында 90 жашында дүйнөдөн кайткан.