Анголада холера эпидемиясы

Аймакта декабрь айынан бери келе жаткан эпидемия 513 кишиге жуккан.

900853
Анголада холера эпидемиясы

Африка континентинин түштүк – батышында Анголанын түндүгүндөгү Уиге аймагында холера эпидемиясынан улам декабрь айынан бери каза болгондордун саны 10ге жетти. Улуттук басма сөздөгү кабарларга караганда аймакта декабрь айынан бери келе жаткан эпидемия 513 кишиге жуккан.

Аймакта эпидемияны алдына алуу үчүн тазалык жана гигиена кампаниясы башталды. Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Ангола куралдуу күчтөрүнө караштуу дарыгерлер менен бирге жарандык коом мекемелеринин да эпидемиянын жайылышына тоскоол болуу иштерине катышкандыгы белгиленди. Ангола саламаттыкты сактоо министри Силвиа Лутукута берген маалыматында эпидемияны алдына алуу үчүн керектүү чаралардын көрүлгөндүгүн айтты.



Тектеш кабарлар