АКШ 11 өлкөгө тыюу салуусун жойду
АКШнын бул тыюу салуусу катуу сынга алынган болчу.
АКШ 11 өлкөдөн баш калкалоочуларга карай тыюу салуусун алып салды.
Аты аталган 11 өлкөнүн кайсылар экени расмий билдирилген жок.
Бирок бул өлкөлөрдүн Иран, Ирак, Сирия, Сомали, Ливия, Мали, Египет, Судан, Түштүк Судан, Йемен жана Түндүк Корея экени айтылууда.
Ички коопсуздук департаменти, тыюу салуунун жоюлганын бирок аты аталган өлкөлөрдөн баш калкалоочулардын кирүүлөрүндө коопсуздук текшерүүлөрүнүн дагы катуу болоорун билдирди.
АКШ бул тыюу салууну октябрь айында коопсуздукту себеп көрсөтүп ишке ашыра баштаган болчу.
Өзгөчө калкынын көпчүлүгү мусулмандардан турган өлкөлөргө карай тыюу салуу адам укуктарын бузуу катары катуу сынга алынган эле.
Тектеш кабарлар
Кремль орус жарандарына Ливандан чыгып кетүүнү сунуштады
Песков Израилдин Ливанга кол салууларына байланыштуу журналисттерге билдирүү жасады.