Сириянын Идлиб шаары бомбаланып жатат

Идлиб чыңалууну басаңдатуу аймагы акыркы 1,5 айдан бери тынымсыз абадан кол салууларга дуушар болууда.

899238
Сириянын Идлиб шаары бомбаланып жатат

Сириянын Идлиб шаарындагы бир картошка базарына абадан кол салуу болуп 11 жаран каза тапты.

Кол салууларда жаракат алган 13 жаран да чөйрөдөгү ооруканаларга жетикирилди.

Бир тараптан Сирияда Идлиб чыңалууну басаңдатуу аймагына болгон абадан кол салууларда да арасында аял жана балдар да болгон 14 киши каза тапты, кеминде 30 киши жаракат алды.

Идлибдин жарандарды коргоо (ак каскачандар) директору Мустафа Хаж Юсуф: «Кол салуулар Орусия жана Асад режиминин учактары тарабынан Идлибдин түштүгүндөгү Серакиб, Маарретинуман жана Кефренбил райондору менен Кефер Амин аймагына жүргүзүлдү»,-деп айтты.

Орусия жана Асад режиминин Идлибдин көк асманынан кетпеген ондогон согуштук учак орун алганын айткан Хаж Юсуф: «Бүгүн Идлибдин ар башка аймактарына 100дөн ашуун абадан бомба ташташты»,-деп айтты.

Жарандарды коргоо топторунун издөө-куткаруу иштери уланып жатканын түшүндүргөн Хаж Юсуф, жаралуулардын аймактагы саламаттык-сактоо борборлоруна алып барылганын айтты.

Идлиб чыңалууну басаңдатуу аймагы акыркы 1,5 айдан бери тынымсыз абадан кол салууларга дуушар болууда.



Тектеш кабарлар