Греманияда ПКК жактоочуларына полиция кийлигишти

Германиянын борбор шаары Берлинде Түркия элчилигинин алдында 300 киши ПЙД/ПКК жактаган ураандар менен жүрүштү.

898159
Греманияда ПКК жактоочуларына полиция кийлигишти
almanya turkler gosteri.jpg

Германиянын борбор шаары Берлинде Түркия элчилигинин алдында митинг шылтоосу менен чогулган ПЙД/ПКК террордук уюмунун жактоочуларына полиция кийлигишти. Элчиликтин алдындагы аянтта террордук уюмдун жактоочусу 300 киши ПЙД/ПКК жактаган ураандар менен жүрүштү.

Ошол эле учурда каршы митингге чыгууна каалаган бир группа түрк өздөрүнө бөлүнгөн жерге полициянын коштоосунда барды.

ПЙД/ПКК жактоочулары түрк жарандарына кол салды. Бирок полиция иттерди да колдонуу менен кийлигишти жана эки группанын ортосуна кирип окуянын күч алышына тоскоол болду.

«Зайтун бутагы» операциясына колдоо берген түрк жарандары байрак жана президент Р. Т. Эрдогандын портретин алып жүрүштү. Митинг учурунда катуу коопсуздук чаралары көрүлдү.

Түркиянын Берлин элчилиги жайгашкан Тиергартен проспектиси 2 саат унааларга жабык болду.



Тектеш кабарлар