Ооруканада өрт чыкты

Өрттөн 41 киши каза болду.

897552
Ооруканада өрт чыкты

Түштүк Кореянын түштүгүндөгү Мирян шаарында бир ооруканада өрт чыгып, 41 киши көз жумду.

Йонхап маалымат агенттиги, өрттөн 60тан ашуун кишинин жаракат алганын билдирди.

Оорукананын биринчи кабатында башталганы божомолдонгон өрт учурунда, ичкеридеги оорулуулардын саны 100дөн көп экени белгиленди.

Имараттан чыгарылган оорулуулардын бир бөлүгү чөйрөдөгү ооруканаларга жеткирилди.

Окуядан каза тапкандардын аты-жөнүн аныктоо үчүн иликтөөлөр уланып жатат.



Тектеш кабарлар