Нигерияда сары безгек менен күрөшүү
Нигерияда өкмөт эпидемия башталган 2017 – жылдын 12 – сентябрынан бери эпидемия менен күрөшүп жатат.
897819
![Нигерияда сары безгек менен күрөшүү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1d43/d8f6/4220/5a6affde5a7ca.jpg?time=1718724857)
Нигерияда сары безгек эпидемиясына каршы Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму менен координациялуу күрөш баштатылды.
Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунан берилген маалыматта Нигерия өкмөтү менен жүргүзүлө турган эмдөө кампаниясында 2018 - жылы 25 миллион кишинин эмделишин максат кылгандыгы белгиленди.
Сары безгекти 2026 - жылга чейин жок кылууну максат кылган эмгектин бир бөлүгү катары жүргүзүлгөн эмдөө кампаниясы менен Нигерияда калктын 90 пайызынын эмделиши күтүлүүдө.
Эпидемия башталган 2017 – жылдын 12 – сентябрынан бери өкмөт эпидемия менен күрөшүп жатат.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718724858)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.