Түркиянын да башка өлкөлөр сыяктуу өзүн коргоо укугу бар

Испанияга сапар жасаган НАТОнун баш катчысы, коргоо министри Мариа Долорес де Коспедал менен жолугушуусунан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

897300
Түркиянын да башка өлкөлөр сыяктуу өзүн коргоо укугу бар

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, «Зайтун бутагы» кыймылы тууралуу Түркиянын да башка өлкөлөр сыяктуу өзүн коргоо укугу бар экенин айтты.

Испанияга сапар жасаган НАТОнун баш катчысы, коргоо министри Мариа Долорес де Коспедал менен жолугушуусунан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Столтенберг, Түрк куралдуу күчтөрү  (ТКК) тарабынан Сириянын Африн аймагында террордук уюмдар ПКК/ПЙД жана ДЕАШка карай баштатылган «Зайтун бутагы» кыймылы тууралуу сөз  сүйлөдү.

Түркиянын эң көп террордук кол салууга дуушар болгон НАТОнун мүчөсү экенин белгилеген Столтенберг, Түркиянын да башка өлкөлөр сыяктуу өзүн коргоо укугу бар экенин айтты.

Президент Эрдоган менен өткөн аптада телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнүн эске салган Столтенберг, АКШ менен катар тийиштүү берки өлкөлөрдүн бардыгы менен тартиптүү байланышта болгондорун айтты.


Этикеткалар: #Столтенберг

Тектеш кабарлар