Антонио Гутерреш Давоска барбайт
Антонио Гутерреш Аддис Абабада 22 - январда башталган жана 29 - январга чейин улантыла турган Африка Биримдиги саммитине катышат.
897175
![Антонио Гутерреш Давоска барбайт](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/de15/9331/20ad/5a69b89234cba.jpg?time=1719315628)
БУУнун баш катчысы Антонио Гутеррештин Швейцариянын Давос шаарында өткөрүлгөн Дүйнөлүк экономикалык формунун 48 – саммтине катышпай тургандыгы билдирилди.
БУУнун баш катчысынын катчысы Стефан Дуяррич күнүмдүк басма сөз брифингинде андан мурда саммитке катышары жарыяланган Гутеррештин «пландоо маселесинен» улам Давоско барбай тургандыгын айтты.
Катчы Дуяррич Гутеррештин Эфиопиянын борбор шаары Аддис Абабада 22 - январда башталган жана 29 - январга чейин улантыла турган Африка Биримдиги саммитине катышарын билдирди.