Катар менен НАТО келишим түздү

Келишимге НАТОнун Брюсселдеги башкы борборунда кол коюлду.

891810
Катар менен НАТО келишим түздү

Катардын Коргоо министрлиги, НАТО менен коопсуздук келишимине кол койду.

Министрликтин келишимдер боюнча бөлүмүнүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги башкы борборунда НАТО менен коопсуздук келишимине кол коюлганы белгиленди.

Катардын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук аскердик кызматташуу делегациясынын жетекчиси Тарык Халид менен НАТОнун баш катчысынын орун басары Роуз Готтемюллер кол коюшкан келишимдин, берки бардык маалыматтардын бөлүшүлүүсү жана корголуусун камтыганы билдирилди.

Тараптардын 2004-жылы Стамбулда өткөрүлгөн саммиттин алкагындагы кызматташуунун маанисин баса белгилегендери сөз кылынды.

2004-жылы Стамбулда өткөрүлгөн НАТО саммитинде, коопсуздук тармактарында кызматташуу баса белгиленген болчу.  



Тектеш кабарлар