Йеменге 200 тонналык дары-дармек жана медициналык шаймандар жеткирилди
Бул жардамдар Йемен эли үчүн абдан маанилүү.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Йеменге 200 тонналык дары-дармек жана медициналык шаймандарды жеткирди.
Уюмдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Йеменге 200 тонналык дары-дармек жана медициналык шаймандардын жөнөтүлгөнү, аларды ташыган 4 ВМ учагынын ушул жумада Сана аэропортуна жеткени маалымдалды.
Контейнерлерде чукул дарылоо үчүн керек болгон дары-дармектер, инсулин, антибиотик, кутурма оорусуна каршы вакциналар, капельница, медициналык аппараттар жана шаймандардын болгону билдирилди.
Йеменде 16,4 миллион кишинин дарылана албаганы, орто эсеп менен 3 жылдан бери ооруканаларда дары-дармек жана медициналык шаймандардын жетишсиз болуп жатканы баса белгиленди.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Йемен боюнча өкүлү Невио Загария, жөнөтүлгөн жардамдардын ооруканалардын өз иштерин улантуусу жагынан абдан маанилүү экенин айтты.