Тиллерсондун Түркия тууралуу маалымдоосуна ишенүүгө болобу?

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон,АКШнын Калифорния университетиндеги Станфорд университетинде берген конференциясынан кийин Вашингтонго кайтып бара жатып учакта басма сөзгө маалымат берди.

891290
Тиллерсондун Түркия тууралуу маалымдоосуна ишенүүгө болобу?

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон, Сирияда кандайдыр бир чек ара коопсуздук күчүн курбагандарын айтып чыкты.

Тиллерсон, Түркияга ачыктап берүү карыздары бар экенин моюнга алып, «Сирияда кандайдыр бир чек ара коопсуздук күчү курган жерибиз жок»,-деди.

Америка медиасында орун алган кабарларга караганда Тиллерсон, АКШнын Калифорния университетиндеги Станфорд университетинде берген конференциясынан кийин Вашингтонго кайтып бара жатып учакта басма сөзгө маалымат берди.

Түркиянын «террор армиясына» катуу каршылык көрсөтүүсүн түшүнгөнүн айткан Тиллерсон, Сирияда «жергиликтүү күчтөр» деп атаган жикчил террор уюму ПКК/ПЙДнын мүчөлөрүн машыктырып жаткандарынын жалгыз себебинин, террор уюму ДЕАШтан тазаланган аймактардагы коопсуздукту камсыздоо болгону жөнүндөгү айтымдарын кайталады.

Тиллерсон Станфорд университетиндеги сөз сүйлөөсүндө, «Түркиянын санааркоолорун түшүнөбүз жана олуттуу карайбыз»,-деди жана ошондой эле «Сирияда 2011-жылы Иракта кылган катаны кылбайбыз»,-деп айтты.

2011-жылы АКШнын Ирактан убакыт тууралабай чыгуусунун Аль-Каидага коопсуз баш калкалоо камсыздаганын жана ортодогу боштуктун ДЕАШтын пайда болушуна себеп болгонун айткан катчы: «АКШнын Сирияда аскерлеринин болушу ДЕАШтын кайтуусуна бөгөт болуу максаттуу уланат»,-деди.

Мамлекеттик катчы: «Түркия сыяктуу шериктештерибиз менен бирге террорго каршы күрөшүүнү улантабыз»,-деп айтты.

НАТОнун шериктеши Түркиянын террор уюму ДЕАШтын жеңилүүсүнө чоң салым кошконун  жана сириялык качкындардын баш калкалоосуна кучак жайганын айткан Тиллерсон: «Идлибде жана Түркиянын ПККлык террористтер менен кайда маселеси бар болсо, ал жерде бирге күрөшүүнү улантабыз»,-деп айтты.

 

 



Тектеш кабарлар