Орусия : "Түркиянын бекитишин күтүүдөбүз"

Орусиянын тышкы иштер министиринин орун басары Михаил Богданов Анкаранын чакыруу тизмеси тууралуу чечимин бүгүн чыгарарын күтүп жатышкандарын да белгиледи.

891616
Орусия : "Түркиянын бекитишин күтүүдөбүз"

Орусиянын тышкы иштер министиринин орун басары Михаил Богданов айдын акырында Сочиде өткөрүлө турган Сирия улуттук диалог конгрессинин конок тизмесинин даярдалгандыгын жана Түркиянын бекитишин күтүп жатышкандарын айтты. Журналисттердин суроолоруна жооп берген Богданов Сирия улуттук диалог конгресси менен байланыштуу маалыматтарды берди. Конок тизмесинин даяр экендигин жана Түркиянын бекитүүсүн күтүп жатышкандарын белгилеген Богданов : «Эртең жана андан кийинки күнү түрк жана ирандык өнөктөштөрүбүз менен коноктор тизмесин карап чыгып сириялык катышуучуларга чакырууларды тарката баштайбыз деп ойлойм»,- деди. Богданов Анкаранын чакыруу тизмеси тууралуу чечимин бүгүн чыгарарын күтүп жатышкандарын да белгиледи.

 

 

 



Тектеш кабарлар