Венгрияда 81 киши суукта тоңуп каза болду
Булардын көпчүлгү көчөлөрдө эмес үйлөрүндө көз жумду.
890064
Венгрияда ноябрь-январь айларынын аралыгында 81 киши суукта тоңуп көз жумду.
«Nepszava» гезитинин кабарына караганда, өлкөдө акыркы 10 жылдын ичинде 2 миң 500 киши суукта тоңуп каза болсо, булардын көпчүлгү көчөлөрдө эмес, жылытуу системасы жетиштүү болбогон үйлөрдө көз жумду.
Кабарда үйсүздөргө жардам көрсөтүү үчүн түзүлгөн Menhely фондунун директору Золтан Акнаинин: «Венгрияда үйсүздөрдүн саны боюнча так көрсөткүч жок. Фонддун акыркы изилдөөсүндө орто эсеп менен 10 миң үйсүз аныкталды. Буга карабастан Будапештте муниципалитеттер, коомдор жана диний уюмдар көзөмөлдөгөн 2 миң 308 орундуу 34 баш калкалоочу жай кызмат көрсөтүүдө»,-деген сөздөрүнө орун берилди.