Түндүк Корея Трампты «мээси тайкы» деп сыпаттады
Эки өлкөнүн ортосундагы кайым- айтышуу күчөп баратат.
Түндүк Кореянын расмий берүү органы, АКШнын президенти Дональд Трампты «мээси тайкы» деп сыпаттады.
Дональд Трамп 3-январда ядролук куралдарга эгедер Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга кайрылып, «менин кнопкам сеникинен дагы чоң» деген твити боюнча башталган кайым- айтышуу күчөп баратат.
Түндүк Кореяда бийликтеги партиянын расмий «Родонг Синмун» гезити, Трамптын билдирүүсүнө байланыштуу жарыялаган сереп салуусунда АКШнын президентин «мээси тайкы» деп сыпаттады.
Трамптын акыл-эси кем экенин жана анда санда акылынан айныганы жазылган макалада: «Трамптын жаңы жылда акылынан айнышы, психикалык абалын көрсөтүүдө. Булардын бардыгы Түндүк Корея элинин жана армиясынын шыктандыруучу сунуштарына Трамптын баш ийбегенинен келип чыгууда»,-делди.
Буга чейин Трамп Твиттерден буларды бөлүшкөн болчу: «Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын ядролук кнопка үстөлүмдө деди. Менин да ядролук кнопкам бар, бирок аныкынан дагы чоң жана күчтүү. Айрыкча меники иштеп жатат»,-деген эле.
Тектеш кабарлар
Орусия Новокалиновону көзөмөлгө алды
Орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу маалымат берилди.