Түндүк Корея ядролук күчкө айланган жер шарын АКШ кабыл албайт

Канаданын Ванкувер шаарында чогулган Корея жарым аралынын коопсуздук жана ырааттуулугу үчүн «Ванкувер Тышкы иштер министрлеринин жыйналышы» аяктады.

890041
Түндүк Корея ядролук күчкө айланган жер шарын АКШ кабыл албайт

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон, Түндүк Корея ядролук күчкө айланган жер шарын өлкөсүнүн кабыл албай турганын билдирди.

Канаданын Ванкувер шаарында чогулган Корея жарым аралынын коопсуздук жана ырааттуулугу үчүн «Ванкувер Тышкы иштер министрлеринин жыйналышы» аяктады.

Түркияны тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу өкүлдүк кылган жыйналышты Канаданын тышкы иштер министри Христя Фриланд жана АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон биргелеше алып барышты.

Фриланд жана Тиллерсон, жыйналыштан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрүштү.

Фриланд, Канаданын Түндүк Корея режимине каршы санкция киргизишине жардам бериш үчүн АКШнын Мамлекеттик департаменти жүргүзгөн программага материалдык салым кошо турганын айтты.

Фриланд: «Бул акча санкцияларды жүзөгө ашырыш үчүн саясий эрктин ээси болгон, бирок техникалык деңгээли жетишсиз болгон бир топ өлкөнүн өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүлөрү үчүн колдонулат. Канада бул жөндөмдүүлүктөрдү өнүкүрүү аракеттери үчүн АКШ менен биргелешкен аракет үчүн 3 миллион 25 миң доллардык салым кошту»,-деди.

Министр Фриланд, БУУнун Түндүк Кореяга карай санкцияларынын аймакта тынчтык жана ырааттуулук камсыздалганга дейре ишке ашырылышы керектигин кайталады.

Тиллерсон болсо Түндүк Корея ядролук күчкө айланган жер шарын  АКШнын кабыл албай турганын билдирди жана өлкөдөгү режимдин ядролук программасынан баш тартканга дейре санкциялардын жоюлбай турганын айтты.



Тектеш кабарлар