Япония Түндүк Корея менен дипломатиялык карым - катнаштарды үзүүгө чакырды

Япониянын тышкы иштер министри Таро Коно бардык өлкөлөрдү Түндүк Корея менен дипломатиялык карым – катнаштарды үзүүгө чакырды.

890470
Япония Түндүк Корея менен дипломатиялык карым - катнаштарды үзүүгө чакырды

Япониянын тышкы иштер министри Таро Коно бардык өлкөлөрдү Түндүк Корея менен дипломатиялык карым – катнаштарды үзүүгө чакырды. Коно Канаданын Ванкувер шаарында өткөрүлгөн Корея жарым аралынын коопсуздук жана ырааттуулугу үчүн Ванкувер шаарында өткөрүлгөн саммитте : «Түндүк Кореянын диалогго кошулушу санкциялардын иштешинин далили катары айтыла алат. Эми болсо бардык өлкөлөрдүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бул тууралуу чечимдерине көз карандылыгын жаңылоонун убагы. Бул Түндүк Корея менен дипломатиялык карым – катнаштарды акырына чыгаруу жана түндүк кореялык кызматкерлерди өлкөдөн чыгарууну да камтышы мүмкүн»,- деди.

Түндүк жана Түштүк Кореянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кайрадан баштатылгандыгын бирок ушул кезге чейин ядролук жана баллистикалык ракета программаларынын  акырына чыгарышы тууралуу эч бир алдыга жылуунун болбогондугун да билдирген япон министр : «Түндүк Кореянын саясатын куралсыздандыруу боюнча өзгөртүшү үчүн дайыма бирдикте кысымды арттыруубуз керек»,- деди.



Тектеш кабарлар