Йемен дифтерия жана холера менен күрөшүүдө

Йеменде акыркы эки айда 678 кишинин дифтерия менен ооругандыгы билдирилди.

889155
Йемен дифтерия жана холера менен күрөшүүдө

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан жарыяланган отчетто Йеменде акыркы эки айда 678 кишинин дифтерия менен ооругандыгы аныкталгандыгы, 48 кишинин болсо эпимедиянын айынан каза болгондугу билдирилди.

Эпидемиянын өлкөдөгү 23 облустун 19да бар экендиги билдирилген отчетто оорулуу кишилердин Ибб жана Ел  -  Худейде облустарында аныкталгандыгы билдирилди.

Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү колдогон президент Пбдураббу Мансур Хади күчтөрү менен хусилердин арасында 3 жылга жакын убакыттан бери катуу кагалышуулар болгон Йемен дифтерия менен бирге холера менен да күрөшүүдө.



Тектеш кабарлар