Никки Хэйли Ирандын эл аралык нормаларды бузушуна ураксаттын берилбеши керектигин айтты

АКШнын БУУдагы туруктуу элчиси Никки Хэйли Ирандын коркунучтуу жана ырааттуулукту бузуучу кыймылдарына чыдамдуулуктун көрсөтүлбөй тургандыгын белгиледи.

887409
Никки Хэйли Ирандын  эл аралык нормаларды бузушуна ураксаттын берилбеши керектигин айтты

 АКШнын БУУдагы туруктуу элчиси Никки Хэйли Ирандын ядролук келишимдин артына жашынып эл аралык нормаларды бузушуна ураксаттын берилбеши керектигин айтты. Хэйли берген жазуу түрүндөгү маалыматта өлкөсүнүн ядролук келишимдин шарттарына баш ийерин бирок Ирандын коркунучтуу жана ырааттуулукту бузуучу кыймылдарына чыдамдуулуктун көрсөтүлбөй тургандыгын белгиледи.

Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф да твиттер эсебинен Трапмтын чечимине баа берди. Зариф атомдук келишимдин кайрадан сүйлөшүлбөй тургандыгын кайталады жана Трампты эл аралык келишимди күчсүздөнтүүгө карата үмүтсүз кыймыл кылуу менен күнөөлөдү.

Германиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген маалыматта болсо Иран менен ядролук келишимдин ишке ашышында алдыга жылуунун болушу үчүн Англия жана Франция менен бирге иштөөнүн улантыларын белгиледи.



Тектеш кабарлар