Индияда тик учар кырсыкка учурады
Кырсыкта 4 киши каза болуп, жоголгон 3 киши изделүүдө.
887544
Индияда 7 кишини ташыган тик учардын кырсыкка учуроосу менен 4 киши кза болуп, жоголгон 3 киши изделүүдө. Жергиликтүү медиадагы маалыматтар деңиз флотунун катчысы Д. Шарманын берген маалыматына таянып мамлектке таандык нефть фирмасынын кызматкерлерин ташыган тик учардын Мумбайдан учкандан кийин Умман деңизине түшкөндүгүн жазышкан. Шарма жоголгон 3 кишини издөө иштеринин улантылып жаткандыгын айтты.