АКШдан ПКК тууралуу моюнга алуу

АКШнын коргоо министрлиги Пентагон коопсуз аймак тууралуу  мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсондун айткандарын жалганга чыгарды.

897631
АКШдан ПКК тууралуу моюнга алуу

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хизер Науэр сириянын Африн аймагына карата маалымат берип жатып «ЙПГ» дегендин ордуна түздөн түз «ПКК» деген сөздү колдонду. Катчы басма сөз брифингинде : «Түркия көзүн ДАИШтен ПККга бурду»,- деди жана аймактагы келишпестиктин азайышын каалашкандарын, Сириянын түндүк  - батышында жаңы бир маселенин ортого чыгышын каалашпагандарын билдирди.

Ошол эле учурда Вашингтон өкмөтүнүн карама  - каршы билдирүүлөрүнө дагы бирөөсү кошулган болду.

АКШнын коргоо министрлиги Пентагон коопсуз аймак тууралуу  мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсондун айткандарын жалганга чыгарды.

АКШнын башкы штабынын катчысы Кеннет Маккензи Түркия менен «ыктымалдуу бир ишенимдүү аймак тууралуу» сүйлөшүүлөрдүн бир канча жылдан бери улантылып келе жаткандыгын айтты.

Евфрат дарыясынын түндүк  - чыгышындагы ПЙД/ПКК террористтерине берген куралдарды иликтешкендерин ортого салган Маккензи уюмга берилген куралдар тууралуу да Түркия менен сүйлөшүшкөндөрүн белгиледи.



Тектеш кабарлар