Путин: «Бул раундду Түндүк Кореянын лидери утту»
Путин Ким Чен Ынды мактады.
Орусиянын президенти Владимир Путин, Корея жарым аралындагы учурдагы кризиске байланыштуу, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын «бул раундду» утканын айтты.
Орус басма сөз жана маалымат агенттиктеринин башчылары менен жолугушуусунда, Корея жарым аралындагы абалга байланыштуу суроолорго жооп берген Путин: «Албетте урматтуу Ким Чен Ын бул раундду жеңди. Ал өз стратегиялык маселесин чечти. Колунда ядролук дүрмөт бар, 13 миң километрге чейин ата алган жана дээрлик дүйнөнүн бардык жерине, жок эле дегенде ыктымалдуу душмандарынын жерлеринде бардык бутага жете ала турган ракетасы бар»,-деди.
Ким Чендин учурдагы абалды жумшартууга жана тынчтандырууга аракет кылып жатканын айткан Путин: «Абдан акылдуу жана жетилген саясатчы»,-деп кошумчалады.
Тектеш кабарлар
Россиянын президенти Владимир Путин Вьетнамда
Путинди борбор шаар Ханойдо Вьетнамдын президенти То Лам мамлекеттик салтанат менен тосуп алды.