Иранда жер титирөө болду

Ирандын Сумар 5, 6 баллдык жер титирөө болду.

885849
Иранда жер титирөө болду

Ирандын батышындагы Керманшах аймагына караштуу Сумар айылында 5, 6 баллдык жер титирөө болду. 

Тегеран университетинин сейсмология борборунан берилген маалыматка ылайык эпицентри Керманшах аймагына караштуу Касры Ширин районунун Сумар айылы болгон жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:21де болду. Жер титирөөнүн жердин 8 километр тереңдигинде болгондугу билдирилди. 

Иран  - Ирак чек арасына жакын аймакта болгон жер титирөөнүн Ирактын борбор шаары Багдат менен Эрбил, Сүлеймание, Дияла, Бабил жана Васыт шаарларында да сезилгендиги, жарандардын үйлөрүнөн тышка чыккандыгы белгиленди. Жер титирөөдө жабырканагдардын болуп же болбогондугу тууралуу маалымат берилген жок. 

Ирандын түштүк - чыгышында орун алган Керман аймагына караштуу Хужидек шаарында болсо эрте менен 5, 1 баллдык жер титирөө болгон болчу. 

 



Тектеш кабарлар