АКШдагы жер көчкү
АКШнын Калифорния аймагында ашыкча жамгыр жаашы жол ачкан жер көчкүдө алгачкы белгилөөлөргө караганда 13 киши каза тапты.
![АКШдагы жер көчкү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9bcf/e984/c0e0/5a55b6135753c.jpg?time=1718780232)
АКШнын Калифорния аймагында ашыкча жамгыр жаашы жол ачкан жер көчкүдө алгачкы белгилөөлөргө караганда 13 киши каза тапты. Калифорниянын түштүгүндө катуу жамгыр жаашынан кийин болгон сел жана жер көчкүнүн айынан жүздөгөн үй урап, жолдор менен көпүрөлөр кулады.
Жетекчилер 13 кишинин каза болгондугун жана каза болгондордун санынын артуусунан тынчсызданып жатышкандарын билдиришти.
Санта Барбара аймагынын өрт өчүргүчтөр катчысы Майк Элиасон көп сандаган үйдүн ылай астында жок болгондугун, урандыларды тазалоо жана куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгын айтты.
Калифорнияга көп убакыттан бери тескери таасирин тийгизип жаткан токой өрттөрүнөн улам дарактардын жок болушу жана жердин чыдамсыздыгынын жер көчкүгө себеп болгондугу белгиленүүдө.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718780233)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.