АКШ Түндүк Кореянын Түштүк Кореядагы кышкы олимпиадаларга катышуусуна ыраазы

Стив Гольдштейн басма сөзгө берген маалыматында Түндүк Кореянын олимпиада токтомун ыраазы болуп кабыл алгандарын билдирди.

885156
АКШ Түндүк Кореянын Түштүк Кореядагы кышкы олимпиадаларга катышуусуна ыраазы

АКШнын Мамлекеттик департаментинин кеңешчилеринен Стив Гольдштейн, Түндүк Кореянын алдыдагы айда Түштүк Кореяда боло турган Пхенчхан-2018 кышкы олимпиада оюндарына катышуу чечимин чыгарганын ыраазы болуп кабыл алгандарын билдирип, «Олимпиадалардын түшүнүгү ар башка өлкөлөрдү жолугуштуруу. Манилүү кадам»,-деди.

Стив Гольдштейн басма сөзгө берген маалыматында Түндүк Кореянын олимпиада токтомун ыраазы болуп кабыл алгандарын билдирди.

Олимпиадалардын түшүнүгүнүн ар башка өлкөлөрдү жолугуштуруу экенин баса белгилеген Гольдштейн,токтомдун маанилүү бир кадам болгонун айтты.

Стив Гольдштейн: «Ар дайым жакшы ниеттүү болдук. Эң маанилүүсү олимпиадалардын коопсуз түрдө өтүшү»,-деп айтты.

Түндүк Корея менен да ядролук сүйлөшүүлөрдүн жасалышы керектигин белгилеген Стив Гольдштейн: «Бул аймактын ядролук куралдардан арылтылышын каалайбыз. Бул алгачкы кадам катары маанилүү»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар