АКШ Иран тууралуу жума күнү чечим чыгарат

Стив Гольдштейн буга байланыштуу маалымат берди.

885230
АКШ Иран тууралуу жума күнү чечим чыгарат

АКШ, Иран менен кол коюлган атомдук келишимди улантып же улантпай турганына жума күнү чечим чыгарат.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин кеңешчилеринен Стив Гольдштейн, темага байланыштуу маалымат берди.

Бир суроо боюнча Гольдштейн: « 2015-жылы Иран менен кол коюлган атомдук келишимдин улантылып же улантылбай турганына карата чечимдин жума күнү чыгарыла турганын күтүп жатабыз. Буга байланыштуу талаш-тартыштар уланып жатат»,-деди.

Стив Гольдштейн, АКШнын президенти Дональд Трамптын, мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон жана коргоо министри Жим Маттис менен ушул жуманын ичинде жолугуша турганын айтты.

Тиллерсон жума күнү AP маалымат агенттигине берген маегинде: «Келишимди же түзөтөбүз, же болбосо жокко чыгарабыз»,- деген болчу.



Тектеш кабарлар