Жер ортолук деңизде коркунучтуу апаат

Дагы 64 качкын-көчмөн келечекке карай сапарда көз жумду.

884285
Жер ортолук деңизде коркунучтуу апаат

Эл аралык миграция уюму, Ливиядан Жер ортолук деңизди ашып өтүп Италияга жетүүгө аракет кылган 150 качкын-көчмөндү ташыган резина кайыктын чөгүшүнөн 64 кишинин каза болгонун билдирди.

Уюмдун Италиядагы өкүлү Флавио ди Жакомо Твиттер барагынан жарыялаган билдирүүсүндө: «64 качкын-көчмөн, ишемби күнү болгон кеме кырсыгында каза тапты. 150 баш калкалоочуну ташынан резина кайык сууга чөгүп кеткенден кийин алардын 86сы куткарылды, 8нин сөөгү табылып жана 56сы болсо дагы деле дайынсыз»,-деп айтты.

Жакомо бул маалыматтардын Италиянын жээк коопсуздугун сактоочу тобу тарабынан куткарылган баш калкалоочулардан алынганын да билдирди.

Бул апаат Жер ортолук деңизде «жылдын эң коркунучтуу окуясы» деп катталды.

Өткөн жылы Жер ортолук деңизден Европага жеткен баш калкалоочулардын саны мурдагы жылга салыштырмалуу жарым жартылай азайып 171 миңге кыскарса, 3 миң 116 баш калкалоочу да Жер ортолук деңизде көз жумду.



Тектеш кабарлар