Жер ортолук деңизде 290 адамды ташыган кеме чөктү
Дайынсыз жоголгондорду издөө-куткаруу иштери уланып жатат.
Жер ортолук деңизде Италия жээктерине барууга аракет кылган африкалык 290 баш калкалоочуну ташыган кеме чөктү.
2 аялдын сөөгү табылып, ондогон адам болсо табылбай жатат.
Ливия аркылуу Европага качууга аракет кылган жүздөгөн африкалык көчмөндү ташынан эки кемеден бири чөгүп кетти. Экинчиси болсо сууга чөгүп баратканда Италиянын жээк коопсуздугун сактоочу тобу жетип барды.
Алар деңизден 250 чакты адамды куткарышты, дайынсыз жоголгон 40 качкын-көчмөндү издөө-куткаруу иштери уланып жатат.
Эл аралык миграция уюмунун көрсөткүчтөрүнө караганда өткөн жылы Жер ортолук деңизден өтүүгө аракет кылган 3 миңден ашуун киши деңизге чөгүп көз жумду. Былтыр Ливия аркылуу Италияга 120 миң киши өткөн болчу.
Өлкөлөрүндөгү кагылышуулар же жакыркычылыктан качкан жүз миңдеген адам да Ливиядан кете албай калган абалда.
Тектеш кабарлар
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.