Түштүк Кореянын жээгинен ичинде өлгөн кишиси болгон яхта табылды

Бул кишилердин түндүк кореялык экендиктери божомолдонууда.

883881
Түштүк Кореянын жээгинен ичинде өлгөн кишиси болгон яхта табылды

Түштүк Кореянын чыгыш жээгинде орун алган Уллунг аралына жакын жерде ичине 4 адамдын өлүгү салынган яхта табылды.

Бул кишилердин түндүк кореялык экендиктери божомолдонууда.

Түштүк Кореянын жээк коопсуздугу тарабынан жарыяланган билдирүүдө, аралдын жээктеринде сүзүп жүргөн тактайдан жасалган яхта тыбалганы, 9 метр узундуктагы жыгач яхтанын ичинен адамга таандык экени белгиленген 4 сөөк чыгарылганы белгиленди.

Жээк коопсуздугунун командасы кемени териштирүү жана сөөктөрдүн өздүктөрү такталышы үчүн процедурасын баштатты.

Дагы терең сууларда балык уулоо үчүн жол тарткан яхталарда өлгөн кишилерге көп кездешилгени байма бай айтылат. Бир тараптан акыркы убактарда Японияны көздөй калкып барган Түндүк Кореянын яхталары артканы маалымдалууда.

4-декабрда Япониянын түндүк жээгинен түндүк кореялык 4 кишинин сөөгү деңизден чыгарылган.



Тектеш кабарлар