Түндүк Корея менен Түштүк Корея эртең жолугушуу өткөрөт

Түндүк Корея менен Түштүк Корея эмне үчүн жолугушуу өткөрөт?

884095
Түндүк Корея менен Түштүк Корея эртең жолугушуу өткөрөт

Түндүк Корея жана Түштүк Кореянын күтүлгөн жолугушуусу эртең болот.

Түштүк Кореянын Биригүү боюнча министрлиги эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги жолугушуунун эртең Түркия убактысы боюнча саат 04:00дө болоорун жарыялады.

Өткөн аптада Түштүк Кореянын 9-январь шейшемби күн үчүн жогорку деңгээлдеги жолугушуу өткөрүү сунушу менен Түндүк Кореянын эки жылдай мөөнөттөн кийин алгач ирет телефондорго жооп бериши менен байланыштар кайрадан камсыздалган эле.

Панмунжом ок атышпоо тилкесинде орун алган телефон байланыш каналы 3-январда кайрадан иштей баштады.

Министрликтин басма сөз өкүлү Баек Тэ Хю, шейшемби күнкү жыйналыштын толук отурум менен баштала турганын, жыйналыштын саатын, бүгүн эртең менен Түндүк Корея менен чогуу белгилегендерин айтты.

Эки өлкө Пенмунжомдун түштүк жагында орун алган Тынчтык үйүндө боло турган жолугушууда Түндүк Кореянын жакындап калган Пхенчханг кышкы олимпадаларына катышуусун жана карым-катнаштардын өнүктүрүлүшүн карап чыгат.

Жолугушууларда Түштүк Кореяны Биригүү боюнча министр Чо Мьюн-гон, Түндүк Кореяны эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаш боюнча жооптуу мамлекеттик мекеме болгон Анаватандын тынчтыгы үчүн кайрадан биригүү комитетинин төрагасы Ли Сон-гвон өкүлдүк кылат.

Түштүктөн катыша турган делегациядагы киши саны азырынча тактала элек болсо, Түндүк Кореянын делегациясындагы башка мүчөлөрдүн арасында комитеттин жогорку даражалуу жооптуу кызматкерлери, спорт министринин орун басары жана Түндүк Кореянын олимпиада комитетинин мүчөсү бар.

 



Тектеш кабарлар