Түрк ишкери Танзанияда камалып турат

Түрк ишкери Халидин Мумжунун соода инвестициясы жана жардам максаттуу барган Танзанияда 10 күндөн бери камакта турганы белгиленди.

883394
Түрк ишкери Танзанияда камалып турат

Мумжу менен камакка алынган Танзаниянын атуулу Али Калуфиянын бир тууганы Юсуф Калуфия, агасы жана Мумжунун уруксатсыз түрдө Куран китеп таратуу айыбы менен 10 күндөн бери камалып турганын айтты.

Калуфия: «Агам жыл сайын аймактагы медреселерге Куран китеп таратчу. Быйыл да ала келген материалдарды уруксатсыз таратканы үчүн полиция тарабынан камакка алынды»,-деди.

Түрк ишкери Халидин Мумжунун абалы туурасында маалымат берген Юсуф Калуфия: «Стамбулдан инвестиция салуу изилдөөлөрү үчүн келген жана камоого алынгандан кийин ооруп калып Кигома мамлекеттик ооруканасында 2 күн жатты, андан соң кайра Кигома борбордук полициялык пунктуна алып барылды»,-деп айтты.

Түркиянын Дарүсселамдагы элчиси Али Давутоглу, түрк жарандарынын эркин кое берилиши жана маселенин чечилиши үчүн Танзания менен дагы Түркиянын Тышкы иштер министрлиги менен дагы байланышта экендиктерин жана керектүү бардык кайрылууларды жасагандарын айтты.



Тектеш кабарлар