АКШда тайманбас кыз Темимиге колдоо митинги өткөрүлдү
Митингчилер колдорунда «Ахед Темими эркин койо берилсин», «АКШнын Израилге берген жардамы токтотулсун» деген ураандар менен жүрүштү.
Жүздөгөн америкалык мусулман палестиналык Темимиге колдоо көрсөтүү үчүн АКШ жана Нью - Йорктун негизги жерлеринен Grand Central станциясында митинг өткөрүштү. Колдорунда «Ахед Темими эркин койо берилсин», «АКШнын Израилге берген жардамы токтотулсун», "Палестиналык балдарды качырууну токтоткула», «Кудус Палестинанын борбор шаары» деп жазылган валюта жана плакаттар менен жүргөн митингчилер АКШ жана Израиль өкмөттөрүнө каршы ураандарды жаадырышты.
«Темимиге эркиндик» жана «Палестинага эркиндик» деген ураандардын коштоосунда митингдерин уланткан катышуучулар андан кийин тынч таркашты. Митингдин уюуштуруучулары тарабынан билдирилген басма сөз маалыматында Израилдин мыйзамсыз түрдө Темимини камоого алгандыгы баса белгиленди жана палестиналык тайманбас кыздын үй - бүлөсүнөн мындан мурда Израиль аскерлери тарабынан атылган кишилер тууралуу маалыматка орун берилди.
АКШда жашаган мусулмандар менен башка диндердеги кишилердин кыймылга өтүшү үчүн чакыруу салынган маалыматта баарынын тийиштүү АКШ жетекчилерине, Израилдин Вашингтон элчилиги менен Нью - Йорк башкы консулдугуна жетишүүсү үчүн кыймыл баштоосу кааланды.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.