Түндүк Корея Түштүк Кореянын 9 -  январда сүйлөшүү өткөрүү сунушун кабыл алды

9 -  январда өткөрүлө турган сүйлөшүүдө карым  - катнаштардын кандайча алдыга жылдырылары жана иш алып баруу топторунун деңгээли белгиленет.

882422
Түндүк Корея Түштүк Кореянын 9 -  январда сүйлөшүү өткөрүү сунушун кабыл алды

 

Түштүк Кореянын биригүү министрлигинин катчысы Баек   Тае  - хун өткөргөн пресс  - жыйынында Пхеньян өкмөтүнүн Сеул өкмөтүнө киргизген сүйлөшүү сунушун кабыл алгандыгын билдиргендигин белгиледи.

9 -  январда өткөрүлө турган сүйлөшүүдө карым  - катнаштардын кандайча алдыга жылдырылары жана иш алып баруу топторунун деңгээлинин белгиленерин белгилеген катчы Баек Түндүк Корея тарабынын келерки айда өткөрүлө турган 2018 Пхенчхан кышкы олимпиада оюндарына катышуунун да бул сүйлөшүүдө караларын айтты.

Түндүк Кореянын лидери Ким Ченг  -  ун 1 -  январдагы жаңы жылдык куттуктоосунда Түштүк Кореяда өткөрүлө турган 2018 Пхенчхан кышкы олимпиада оюндарына делегациянын жибериле аларын белгилеп жана бул тууралуу Сеул менен сүйлөшүүлөргө ачык экендерин айткан болчу.

Түштүк Кореянын биригүү министрлиги да Ким өкмөтүнө жооп катары бул олимпиадалардан мурда Түндүк Кореяга жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү сунушун билдирген.

Министрлик мунун ишке ашышы менен Түштүк Кореянын олимпиада кызматташтыгына көңүл буруу менен бирге Түндүк жана Түштүктүн ортосундагы начар карым – катнаштардын жакшыртылышы темаларын да күн тартибине алып келүүгө аракет кылышарын билдирди.



Тектеш кабарлар