АКШда суук аба ырайы

Акыркы бир жумада 17 кишинин каза болгондугу белгиленди.

882521
АКШда суук аба ырайы

АКШнын түндүк чыгышын таасири астына алган кар борошосу жана суук аба турмушка тескери таасирин тийгизүүдө.

Нью  -  Йорк губернатору Эндрю Куомо кар жаашы жана муз тоңуудан улам аймакта чукул абал жарыялады. «Бомба борошосу» деп билинген кар борошосу жана суук абадан улам мектептер менен мамлекеттик мекемелер жабылып, эл мажбур болмоюнча тышка чыкпоо боюнча эскертилди.

Катуу шамал жана кар жаашы таасирдүү болгон түндүк  - чыгышта миңдеген киши электрсиз жашап жатат. Аба шарттарынан улам 3 миңден ашуун аба каттамы токтотулду жана кечигүүлөр болду.

Нью  -  Йоркто JFK аэропортунда болсо каттамдар токтотулду. Өлкөнү таасири астына алган катуу сууктан улам акыркы бир жумада 17 кишинин каза болгондугу белгиленди.

 



Тектеш кабарлар