Түндүк Корея менен Түштүк Корея байланыш кура алабы?

Түштүк Кореянын Биригүү боюнча министрлигинин жарыясында Түндүк Кореянын байланыш кызматкеринин түштүк кореялык кесиптешине телефон чалганы белгиленди.

881898
Түндүк Корея менен Түштүк Корея байланыш кура алабы?

Түштүк Корея жана Түндүк Корея кечээ ачылган байланыш түйүнү арыкылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Йонхап агенттигинин маалыматына караганда эки Кореянын ортосундагы жарым сааттык убакыт айырмасынын себебинен Түштүк Кореядан баштатылган телефон чалууларга иш убактысы баштала элек Түндүк Кореядан жооп келген жок.

Түштүк Кореянын Биригүү боюнча министрлигинин жарыясында Түндүк Кореянын байланыш кызматкеринин андан соң эки өлкөнүн чек арасында аскерлерден арылтылган аймакта орун алган Панмунжон айылынан эртең менен түштүк кореялык кесиптешине телефон чалганы белгиленди.

Түндүктүн Түштүккө билдириши керек болгон кандайдыр бир нерсе болуп болбогону тууралуу суроого Түндүктөгү кызматкер: «Жок, билдириле туган бир нерсе борлсо сиз менен бөлүшөбүз»,-деген жоопту айтты.

Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын ортосундагы байланыш түйүнү, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын буйругу менен кечээ эки жылдай мөөнөттөн кийин алгач ирет кайрадан ачылып, Түштүк Корея жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:30да Түндүк Кореядан сигнал алгандарын ырастаган.

Түштүк Корея, 2016-жылы Түндүк Кореянын алыс аралыкка атуучу ракета сыноосунан кийин Пхеньяндын чек арадагы шаары Кэсондогу биргелешкен өнөр жай аймагындагы иштерин токтоткон.

Түндүк Корея, Түштүк Кореянын чечимин «согуш жарыясы» деп билгенин жарыялаган жана Түндүк менен Түштүктүн ортосундагы байланышты үзгөн.

Түштүк Кореянын биригүү боюнча министрлиги, ноябрь айында Пхеньян бийлигине эки өлкөнүн ортосундагы чек арада боло турган аскердик кагылышуулардын алдын алуу үчүн шашылыш абал түйүндөрүнүн кайрадан курулуусу чакырыгын салган.

Бир тараптан Түндүк Кореянын лидери Ким, жаңы жылга карата  сөз сүйлөөсүндө Түндүк Кореяда боло турган Пхенчхан-2018 кышкы олимпиадаларына делегация жибериле ала турганын белгилеп бул темада Сеул менен жолугушууларга ачык экенин айткан.

Түштүк Корея да кечээ, алдыдагы айда уюштурула турган Кышкы олимпиадалардын алдында Түндүк Кореяга жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү өткөрүү сунушун кылган.



Тектеш кабарлар